Сальвадордун президенти Түркия тууралуу пост бөлүштү

Бул пост кыска убакыттын ичинде он миңдеген лайктарды алды.

1765676
Сальвадордун президенти Түркия тууралуу пост бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга келген Сальвадордун президенти Найиб Букеле социалдык тармактан Түркия тууралуу пост бөлүштү.

Букеле өз постунда "Алгач #Bitcoin өлкөсү Сальвадордон бүткүл Түркияга салам" деп жазды.

Бул пост кыска убакыттын ичинде он миңдеген лайктарды алды.

Июнда өлкөнүн конгрессинде Биткойнду “мыйзамдуу валюта” деп таануу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Эль-Сальвадор Биткойнду мыйзамдаштырган биринчи өлкө катары тарыхта калган.



Тектеш кабарлар