Перудагы мунайдын төгүлүшүнүн кесепети

Булгануудан улам деңиз жандыктарынын коркунуч алдында турат.

1765623
Перудагы мунайдын төгүлүшүнүн кесепети

Түштүк Америка өлкөсү Перунун жээктеринде төгүлгөн мунайдын себебинен көптөгөн деңиз жандыктарынын коркунуч алдында турганы билдирилди.

Тонгадагы вулкандын атылышынан улам келип чыккан цунамиден кийин өлкөнүн Тынч океанындагы Ла Пампилла мунай иштетүүчү заводунан агып чыккан мунайдын 4 километрдей аянтка жайылып кеткени кабарланды.

Жетекчилер мунай иштетүүчү заводду иштеткен испаниялык Repsol компаниясын жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырып, төгүлгөн мунайдын пляждар менен жаратылыш аймактарына таасирин тийгизгенин белгилешти.

Айлана-чөйрө министри Рубен Рамирес экологиялык өзгөчө кырдаал жарыялагандарына көңүл буруп, эс алуучулардын аймактан чыгарылганын билдирди.

Ла Пампилла мунай иштетүүчү заводунун билдирүүсүндө 50 кишиден турган топтун майды насостор жана атайын соргуч материал менен тазалаганы, жээктеги жээк тазалоо иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Прокуратура айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу иликтөө иштерин баштады.



Тектеш кабарлар