ЕБ, НАТО, ЭККУ жана АКШ Орусия-Украина кризисин талкуулашты

Биринчи жолу төрт тараптуу координациялык жыйын өткөрүлдү.

1765429
ЕБ, НАТО, ЭККУ жана АКШ Орусия-Украина кризисин талкуулашты

Европа Биримдиги (ЕБ), Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Түндүк Атлантикалык Альянс (НАТО) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагалыгынын ортосунда Орусиянын Украина чек арасындагы аркердик күчү жана Европа коопсуздугу боюнча биринчи жолу төрт тараптуу координациялык жыйын өткөрүлдү.

Телефондук сүйлөшүүгө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана ЕККУнун кезектеги төрагасы катары Польшанын өкүлү катышты.

Столтенберг сүйлөшүү тууралуу социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Ушундай орчундуу мезгилде биримдиктин күчтүү белгиси бар», - деди.

Боррелдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө сүйлөшүүдө Орусиянын Украина чек арасында аскерий күчүнүнүн талкууланганы белгиленди. Күчтүү, так жана бирдиктүү трансатлантикалык фронт көрсөтүү менен абалды дипломатиялык аракеттер менен чечүүгө чечкиндүү экендиктери баса белгиленген билдирүүдө, келерки аптада боло турган ЕБнин тышкы иштер министрлер жыйынына НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин да чакырылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар