БУУ Нигериянын чукул жардамга муктаж экендигин билдирди

Бириккен Улуттар Уюму  Нигериянын түндүк - чыгышындагы террордук кол салуулардан  улам 8,3 миллион адамдын чукул гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.

1765639
БУУ Нигериянын чукул жардамга муктаж экендигин билдирди

Бириккен Улуттар Уюму  Нигериянын түндүк - чыгышындагы террордук кол салуулардан  улам 8,3 миллион адамдын чукул гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) Твиттерден берген  билдирүүсүндө аймакта көптөн бери Боко Харам террордук уюмунун зомбулугунун азайышына байланыштуу  белгинин жок экендиги билдирилди. Билдирүүдө аймактагы кол салуулардан улам 8,3 миллион кишинин чукул гуманитардык жардамга муктаж экендиги  маалымдалды.

Бир тараптан БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер жана чукул жардамдар боюнча координатору Мартин Гриффитс жана коштоосундагы делегация Нигериянын борбор шаары Майдугуриге барды.

Гриффитс бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, аймакта муктаж болгон чукул гуманитардык жардамдардан улам БУУ жана өнөктөштөрүнөн бир топту зомбулуктун борбору Борно штатына   багыттоого үндөгөнүн айтты.

Гриффитс : «Колдоо өнөктөштүгүбүз бул кырдаалда милдет жана жоопкерчилик катары жасай турган нерсе»,-  деди

Боко Харам акыркы жылдарда жүргүзүлгөн операцияларга карабастан Африканын калкы эң көп өлкөсү Нигерияда  олуттуу коопсуздук көйгөйүн жаратууда.

Нигерияда 2000 - жылдардын башында өзүн көрсөтө баштаган  Боко Харамдын  2009 – жылдан бери жасаган массалык террордук кол салууларында 20 миңден ашуун адам каза болду. Өлкөдө террордук кол салуулар жана кагылышуулардан улам 100 миңдеген адам жер көтөрүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар