Байдендин Орусия тууралуу билдирүүсү

Байден кызматындагы биринчи жылын аяктаганына байланыштуу Ак үйдө маалымат жыйын өткөрдү.

1765552
Байдендин Орусия тууралуу билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын Украинаны басып ала турганын ойлогонун, бирок анын натыйжасы Орусия үчүн «апаат» болорун билдирди.

Байден кызматындагы биринчи жылын аяктаганына байланыштуу Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйында Орусия Украинага кол салса, мурда болуп көрбөгөндөй оор экономикалык кесепеттерге туш болорун белгилеп: «Украинаны басып салуу же басып албоо Орусиядан көз каранды. Бирок Украинага кийлигишүү болсо, анын кесепеттери менен күрөшүшүбүз керек. Алар чек арага үйүп койгон аскерлеринин дараметиндей чоң иш жасаса бул Орусия үчүн каргашалуу болот. Эгер Орусия Украинага басып кирсе, биз өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен Орусияга зыян келтирүүчү олуттуу чара көрүүгө даярбыз. Белгилүү болгондой биз НАТОдогу союздаштарыбызды да колдойбуз»,-деди.

Украинага 600 миллион долларлык аскердик ок-дарыларды жөнөткөндөрүн белгилеген Байден : «Украинага кирсе орустар үчүн жан жоготуу чоң болот»,-деп эскертти.

Байден эгер Украинага кол салса анын Орусия үчүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте олуттуу кесепеттерге алып келерин белгилеп: «Орус банктары долларга каршы күрөшө албайт», - деди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин толук кандуу согушту каалабаганына көңүл бурган Байден : «Орусия Батышты, АКШны жана НАТОну олуттуу түрдө сынайт. Менин оюмча Украинага кирет»,-деген пикирин бөлүштү.

Орусиянын келишим шарттарынын биринин Украинанын НАТОго кирбөөсү экенин баса белгилеген Байден : «Ар бир өлкө каалаган уюмга кирүүгө укугу бар. Бирок мен кыска мөөнөттө Украинанын шарттарды аткарып, НАТОго мүчө боло алат деп ойлобойм»,-деди.



Тектеш кабарлар