Антибиотиктерге туруштук берген бактериялардын айынан миллиондогон өлүм

АКШдагы Вашингтон университети тарабынан 204 өлкөнүн анализинин негизинде жүргүзүлгөн изилдөө Lancet журналында жарыяланды.

1765729
Антибиотиктерге туруштук берген бактериялардын айынан миллиондогон өлүм

Антибиотиктерге туруштук берген бактериялар миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болууда.

АКШдагы Вашингтон университети тарабынан 204 өлкөнүн анализинин негизинде жүргүзүлгөн изилдөө Lancet журналында жарыяланды.

Окумуштуулар жылына безгек же СПИДге караганда дарыга туруштук берген бактериялардан өлүм көп болгонун аныкташты.

2019-жылы болжол менен 860 миң адам СПИДден, 640 миң адам безгектен, 1,2 миллион адам дарыланууга мүмкүн болгон инфекциялардан көз жумган.

Жаш балдардын эң жогорку тобокелдик тобунда экени, микробго каршы туруштук берүүдөн улам каза болгон 5 адамдын бири 5 жашка чейинки балдарда байкалганы белгиленди.

Кошумчалай кетсек, инфекциялар роль ойногон ооруларды эске алганда каза болгондордун саны 5 миллионго жеткени маалымдалды.

Антибиотиктерди ашыкча жана керексиз колдонуудан улам бактериялардын бул дарыларга туруштук бере баштаганын белгилеген адистер, дарыларды туура колдонууну сунушташты.

Британиянын саламаттыкты сактоо кызматкерлери антимикробдук каршылык Ковид-19 пандемиясынан кийин дарыларды керексиз керектөөнүн натыйжасында "жашыруун эпидемия" катары пайда болушу мүмкүн деп эскертишкен.



Тектеш кабарлар