Блинкен Лавров менен Украина тууралуу сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс сүйлөшүүгө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1764699
Блинкен Лавров менен Украина тууралуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) тышкы иштер министри Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украина чек арасына жакын аймактарда аскерий күч түзүүсү себеп болгон чыңалууну талкуулады.

АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Нед Прайс сүйлөшүүгө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Блинкен Орусиянын Украинанын аймагында жана ага жакын жердеги өтө тынчсыздандырган аскерий күч түзүмүнөн келип чыккан чыңалууну басаңдатуу үчүн дипломатиялык аракеттерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министр АКШнын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө чексиз берилгендигин дагы бир жолу кайталады»,-деп берди.

Блинкендин Украина менен катар Европа коопсуздугу боюнча ар кандай сүйлөшүүлөргө НАТО жана АКШ менен кошо Европадагы өнөктөштөрүнүн катышуусунун зарылдыгын баса белгилегенин билдирген Прайс, эки министрдин 10-январда болгон АКШ-Орусия стратегиялык ырааттуулук диалогу, 12-январдагы НАТО-Орусия Кеңеши жана жана 13-январдагы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Туруктуу кеңешинин жыйындарын талкуулашкандарын айтты.

Бир тараптан Нед Прайс: «Катчы Блинкен 19-январда АКШнын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон милдеттенмесин бекемдөө максатында президент Владимир Зеленский жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуу үчүн Киевге (Украинага) барат»,-деп айтты.

Блинкендин 20-январда Берлинге бара турганын белгилеген Прайс, мамкатчынын бул жерде АКШнын союздаштары менен жолугуп, Орусия менен акыркы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жана Орусиянын Украинага каршы ыктымал кол салуусуна бөгөт коюу үчүн маанилүү экономикалык санкциялар менен бирге Москвага жоопту талкуулай турганын билдирди.

Прайс Блинкендин Берлинде айрыкча Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен да жолугаарын, андан соң АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен Трансатлантикалык төрттүк деп аталган биргелешкен жыйын болорун айтты.



Тектеш кабарлар