Араб коалициясынын күчтөрү Санага сокку урууда...

Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттиги коалиция күчтөрүнүн билдирүүсүндө, «Сананын түндүгүндөгү террористтердин лидерлерин бутага алдык. Коркунучтарга жооп иретинде жүргүзүлгөн операциялар Санага сокку урууну улантууну зарыл кылууда»,дегенин маалымдаган.

1764248
Араб коалициясынын күчтөрү Санага сокку урууда...

Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиге кечээ хуситтер тарабынан болгон кол салууларга жооп катары Санага абадан чабуулдарды баштаганын жарыялады.

Сауд Арабиянын SPA маалымат агенттиги коалиция күчтөрүнүн билдирүүсүндө, «Борбор Сананын түндүгүндөгү террористтердин лидерлерин бутага алдык. Коркунучтарга жооп иретинде жүргүзүлгөн операциялар Санага сокку урууну улантууну зарыл кылууда»,деген маалымат таратканын билдирди.

Коалициянын дагы бир билдирүүсүндө коркунуч булактарын таасирсиз кылуу үчүн комплекстүү жана бөгөт коюу операциясы жүргүзүлө турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө операциялардын коркунучтарга жооп иретинде жана аскердик зарылчылыктан улам жүргүзүлгөнү белгиленип: «Сауд Арабиясында жана Бириккен Араб Эмирликтеринде жарандарга каршы кастык чабуулдар үчүн жооптуулар жоопко тартылат. Коалициянын аба күчтөрү Сананын үстүндө күнү-түнү дебестен абадан операцияларын жүргүзүүдө».

Билдирүүдө Сана калкын аман калуу үчүн хусит согушкерлери жайгашкан жамааттардан жана аскерий лагерлерден алыс болууга чакырды.

Бир тараптан Йеменде Иран колдогон хуситтер БАЭ объектилерин баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алганын жарыялоо менен окуялардын жоопкерчилигин алды.

Хуситтердин Аль-Месира каналында жарыяланган билдирүүдө, «Йемен бороону» деп аталган операциянын «Сауд Арабстан, АКШ жана БАЭнин кол салууларынын күчөшүнө жооп катары» жасалганы билдирилди.

Билдирүүдө Дубай жана Абу-Даби аэропорттору, Абу-Дабинин Мусаффах аймагындагы мунай иштетүүчү завод, БАЭге тиешелүү кээ бир маанилүү жана статегиялык объекттер жана аймактар ​​5 баллистикалык канаттуу ракета жана көп сандаган учкучсуз учак менен бутага алынганы белгиленди.

Хуситтердин келечекте дагы маанилүү аймактарды жана объектилерди камтый тургандай түрдө бутага алган аймагын кеңейте турганы белгиленген билдирүүдө БАЭдеги чет элдик фирмаларды, жарандарды жана жашоочуларды «маанилүү аймактардан жана объектилерден алыс болууга» чакырды.

БАЭнин борбору Абу-Дабинин Мусаффах аймагына куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан улам 3 күйүүчү май ташыган танкерде жарылуу болуп, кол салууда 3 киши каза таап, 6 киши жараланды.

БАЭнин Тышкы иштер министрлиги кол салуудан кийин жасаган билдирүүсүндө, «Биз хуситтердин БАЭ аймагын жана жарандык объектилерин бутага алган кол салуусун айыптайбыз. Бул кол салуу жазасыз калбайт. БАЭ бул террордук кол салууларга жана чыңалуунун күчөшүнө жооп берүү укугун өзүндө калтырат»,делди.



Тектеш кабарлар