Лос-Анжелесте тонолгон жүк ташуучу поезддер...

Анадолу агенттигинин (AA) тобу Лос-Анжелестеги уурулардын үйү болгон жүк поезддери өткөн аймакты тасмага түшүрүп алды.

1763206
Лос-Анжелесте тонолгон жүк ташуучу поезддер...

АКШнын Калифорния штатындагы  Лос-Анжелес шаарында  уурулар бир нече айдан бери шаардын борборуна киргенде ылдамдыгы басаңдап бараткан жүк ташуучу поезддерди тоноп жүргөнү белгилүү болду.

Анадолу агенттигинин (AA) тобу Лос-Анжелестеги уурулардын үйү болгон жүк поезддери өткөн аймакты тасмага түшүрүп алды.

Көпчүлүгү эшиги ачык болгон жүк ташыган поезддер Лос-Анжелес шаарына киргенде ылдамдыгын азайтып койгонунан пайдаланып, уурулар поезддерди тоношкон.

Керектүү товарларды алып, сатса акча боло тургандарын алган уурулар калган пакеттерди рельстерге туш келди чачып жиберишкен.

Көрүнүштөрдө Лос-Анжелестин жанынан жүк поезддери өткөн рельстер пакеттер менен капталганы байкалган.



Тектеш кабарлар