Суданда митингдерде каза болгондордун саны 63 болду

Жекшемби күнкү  нааразылык акцияларында 16 жаштагы  бир митингчинин  башына газ баллону тийип мээсине кан куюлуп каза болгону белгиленди.

1760678
Суданда митингдерде каза болгондордун саны 63 болду

Суданда жарандык башкаруунун талабы менен өткөрүлгөн нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгондордун саны 63кө жетти.

Судандын Борбордук дарыгерлер комитетинен берилген маалыматта, жекшемби күнкү  нааразылык акцияларында 16 жаштагы  бир митингчинин  башына газ баллону тийип мээсине кан куюлуп каза болгону белгиленди.

Маалыматта армия башкарууну колго алган 25 -  октябрдан бери каза болгондордун аныкталган саны 63кө жогорулагандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар