Ганада жол кырсыгы: 28 адам каза болду

Өлкөдө жол шарттары жана айдоочулардын катасынан улам адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталат.

1760987
Ганада жол кырсыгы: 28 адам каза болду

Гананын Беквай аймагында автобус менен жүк ташуучу унаанын кагышуусунан 28 адам каза болду.

Ганадагы улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Сефви Беквай-Бибиани жолунда Беквай аймагынан борбор шаар Акрага бара жаткан автобус менен карама-каршы багыттагы жүк ташуучу унаа сүзүштү.

Кырсыктан 28 адам каза болду, 19 адам жаракат алып, анын 7си оор абалда.

Өлкөдө жол шарттары жана айдоочулардын катасынан улам адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталат.



Тектеш кабарлар