Космостон кайтып келген япониялык миллиардердин жаңы максаты Мариана чуңкуру

«Forbes» журналынын маалыматы боюнча миллиардер Маэзаванын Твиттерде 11 миллиондон ашык жолдоочусу бар жана анын байлыгы 1,9 миллиард доллар.

1758884
Космостон кайтып келген япониялык миллиардердин жаңы максаты Мариана чуңкуру

Эл аралык космос станциясына (ЭКС) барган биринчи жапон жаран наамына ээ болгон миллиардер Маэзава Юсаку, Мариана чуңкуруна да баргысы келгенин айтты.

Өткөн айда космостук саякатынан кийин өлкөсүнө кайтып келген Маэзава Япониянын чет элдик кабарчылар клубунда (FCCJ) өткөрүлгөн пресс-конференцияда жаңы максатын "дүйнөдөгү эң терең жер деп эсептелген Мариана чуңкуру" экенин жарыялады.

Жаңы саякат планына байланыштуу «Кандай суу астында жүрүүчү кеме колдонулары жана сапар канча убакытка созулары дээрлик чечилди»,-деген  Маезава, план такталгандан кийин коомчулук менен кеңири бөлүшө турганын айтты.

2021-жылдын 8-20-декабрындагы сапары менен "ЭКСке барган биринчи жапон жаран" наамын алган Маэзава "дүйнө лидерлеринин да бир күнү космоско саякаттай алат" деген үмүтүн билдирди.

Маэзава "Жердин ал көргөн бардык фотосүрөттөрдөн 100 эсе кооз" экенин айтты.

«Forbes» журналынын маалыматына караганда, миллиардер Маэзаванын Твиттерде 11 миллиондон ашык жолдоочусу бар жана анын байлыгы 1,9 миллиард доллар.

Тынч океандын батышында жайгашкан Мариана чуңкурунун тереңдиги 10 миң 911 километр менен 11 миң 30 километрдин ортосунда өлчөнөт. Узундугу 2 миң 550 километр болгон суу астындагы каньондун туурасы 69 километр деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар