Учактагы 179 жүргүнчүнүн 125инен Ковид-19 аныкталды

Ковид-19га чалдыккан жүргүнчүлөр карантинге алынды.

1758395
Учактагы 179 жүргүнчүнүн 125инен Ковид-19 аныкталды

Италиядан Индияга каттаган учакта 179 жүргүнчүнүн 125инде коронавирус (Ковид-19) аныкталды.

Британ BBC телеканалынын кабарына караганда, кечээ түштөн кийин Веронадан Амритсарга конгон учактагы балдар жана ымыркайлардан башка 179 жүргүнчүнүн 160ы тест тапшырды.

Жүргүнчүлөрдүн 125инин Ковид-19 тести оң чыкты.

Ковид-19га чалдыккан жүргүнчүлөр карантинге алынды.

Улуттук телеканалдарда Амритсар аэропортунун кире беришинде тизилген тез жардам унааларынын көрүнүштөрү көрсөтүлдү.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 35 миллиондон ашык учур катталып, анын ичинен 483 миңге жакын адам каза болду.



Тектеш кабарлар