Токиодо катуу кар жаашы боюнча эскертүү берилди

JMAнын Токио боюнча "катуу кар тууралуу эскертүүсү" акыркы жолу 2018 - жылдын январында катталган.

1758322
Токиодо катуу кар жаашы боюнча эскертүү берилди

Япониянын борбору Токио үчүн акыркы 4 жылда биринчи жолу "катуу кар" эскертүүсү жарыяланды.

Япониянын метеорология агенттигинин (JMA) билдирүүсүндө, жуманын башында өлкөнүн батыш жана түндүк аймактарында таасирдүү болгон муздак абанын чыгыш жана түштүк аймактарга багыт алганы белгиленди.

Токионун 23 районуна "катуу кар жаашы" эскертүүсү берилген маалыматта   шаар калкы "муздан жана жол кыймылынын үзгүлтүккө учурашынан сак болууга" чакырылды.

Ошол эле учурда Japan Airlines (JAL) жана All Nippon Airways (ANA) Токиодогу Ханеда жана Нарита аэропортторунда 100 жергиликтүү каттамдын токтотулгандыгын жарыялашты.

JMAнын Токио боюнча "катуу кар тууралуу эскертүүсү" акыркы жолу 2018 - жылдын январында катталган.

 

 

 



Тектеш кабарлар