Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду.

1757947
Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Пакистандын Белужистан аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үйлөр кыйрап, жолдор бузулду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду.

Жаандан улам Каманда 200дөн ашуун үй жана билим берүү мекемелери кыйрап, жолдор бузулду.

Көптөгөн аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, үйлөрдү суу каптады.

Белужистан өкмөтү Гвадарда өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаан-чачын таасирдүү болгон аймактарда издөө-куткаруу иштерине армия жана деңиз флотунун кызматкерлери да катышты.

Аймакта жабыркагандардын бар-жогу тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар