Швециянын падышасы менен ханышасы Ковид-19га чалдыкты

Швециянын падышасы жана ханышасы Ковид-19 тесттеринин оң чыкканын билдиришти.

1757477
Швециянын падышасы менен ханышасы Ковид-19га чалдыкты

Швециянын падышасы 16-король Густаф жана ханыша Сильвиянын коронавируска (Ковид-19) чалдыккандары билдирилди.

Скандинавия өлкөлөрүндө Ковид-19дун Омикрон мутациясынын учурлары көбөйүп жатканда, Швециянын падышасы жана ханышасы Ковид-19 тесттеринин оң чыкканын маалымдашты.

Швеция сарайынын билдирүүсүндө толук эмдөөдөн өткөн 16-король Густаф менен ханышанын жеңил симптомдор байкалып, өзүн жакшы сезгендери белгиленди.

Швед окумуштуулары Ковид-19дун Омикрон мутациясы өлкөдөгү инфекциялардын 50 пайыздан ашыгын түзгөнүн билдиришсе, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) өз жарандарын Ковид-19 учурлары көп болгондуктан Швецияга жана берки Европа өлкөлөрүнө барбоо боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар