Жүргүнчүлөрдү ташыган учак жарылуудан улам авариялык конууга мажбур болду

Учуу мөөнөтү бүтөөрүнө бир саат калганда учактын ичиндеги жарылуудан өрт чыккан.

1756794
Жүргүнчүлөрдү ташыган учак жарылуудан улам авариялык конууга мажбур болду

Англиядан Португалияга учуп бараткан жүргүнчү учагынын ичинде жарылуу болуп, өрт чыкты.

Учкучтар 7 мүнөт ичинде учактын бийиктигин 12 миң 500 метрден 2 миң метрге түшүрүп, авариялык конууну жасашкан.

Ryanair учагы FR4052 рейси менен Португалияга баруу үчүн Англиянын Манчестер шаарынан учкан болчу.

Учуу мөөнөтү бүтөөрүнө бир саат калганда учактын ичиндеги жарылуудан өрт чыккан.

Boeing 737-8AS учагынын учкучтары Ла-Манш каналынын үстүнөн 7 мүнөттүн ичинде капысынан 12500 метрден 2000 метрге чейин түшүшкөн.

Франциянын түндүгүндөгү Брест шаарына шашылыш конгон учакты өрт өчүргүчтөр жана полиция унаалары тосуп алышты.

Учактан жүргүнчүлөр дароо эвакуацияланган.

Франциянын британиялыктар үчүн катуу жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) карантиндик эрежелерине карабастан, жүргүнчүлөргө жакын арада башка учакка отуруп, Португалияга кетүүгө уруксат берилди.



Тектеш кабарлар