Сауд Арабия жаңы жылды кар менен тосуп алды

2 күндөн бери жааган кар шаардын көчөлөрүн ак түскө бөлөдү.

1755791
Сауд Арабия жаңы жылды кар менен тосуп алды
s.arabistan kar1.jpg
s.arabistan kar.jpg

Сауд Арабиянын Табук шаарында жаңы жылдын биринчи күнү кар жаады.

2 күндөн бери жааган кар шаардын көчөлөрүн ак түскө бөлөдү.

Коомчулук 2022-жылдын биринчи карын көрүп кубанып жаткан учурда салттуу бий оюндары өткөрүлдү.

Өкмөт өкүлдөрү кардын жааганына байланыштуу жолдорду текшерүүнү күчөтүп, облус губернаторунун буйругу менен чукул план түзүлдү.

Кырсыктарды жана кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу коомчулукту сак болууга чакырды.

Сауд Арабиянын түндүгүндө орун алган Табук аймагында сейрек болсо да жамгыр жана кар жааган.



Тектеш кабарлар