Пакистан Ооганстан менен чек арасына тикенек зым төшөп жатат

Куреши борбор калаа Исламабадда өткөргөн маалымат жыйынында Ооганстан чек арасындагы тосмолор маселесин дипломатиялык жол менен чечүү үчүн талибдер менен байланышта экенин билдирди.

1756426
Пакистан Ооганстан менен чек арасына тикенек зым төшөп жатат

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Ооганстан менен чек арага тосмолорду курууну уланта тургандарын айтты.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Куреши борбор калаа Исламабадда өткөргөн маалымат жыйынында Ооганстан чек арасындагы тосмолор маселесин дипломатиялык жол менен чечүү үчүн талибдер менен байланышта экенин билдирди.

Пакистандын кызыкчылыктарын коргой тургандарын баса белгилеген Куреши: «Биз унчукпай калбайбыз. Ооганстан менен чек араны тосконбуз жана бул улана берет»,-деп айтты.

Ооганстандын боордош жана дос өлкө экенине көңүл бурган Куреши, кээ бир адамдардын бул маселени керексиз күн тартибине алып чыкканын айтты.

Өткөн айда социалдык медиа эсептеринде бөлүшүлгөн бир көрүнүштө Талибан күчтөрү Пакистан чек ара аскерлери чек ара сызыгына төшөгөн тикенектүү зымдарды алып жатканы көрүлгөн.

Талибандын Убактылуу өкмөтүнүн коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Инаетулла Харезми, 23-декабрда Пакистандын чек арага тосмо куруп, эки тараптуу мамиле түзүүгө укугу жок экенин айтып, Исламабаддын бул кадамын орунсуз жана мыйзамсыз деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар