Израиль Газага абадан кол салды

Израилдин Коомдук телерадио уюмунда (KAN) орун алган кабарда Израиль армиясынын Газадан атылган ракеталарга жооп берүү чечимин чыгарганы белгиленди.

1755622
Израиль Газага абадан кол салды

Израилдин согуштук учактары Газадагы Хамастын аскердик пунктуна абадан сокку урду.

Алынган маалыматка караганда, Израиль учактары Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында Хамастын аскердик канаты Иззеддин аль-Кассам бригадаларына таандык Ел-Кадисийе деп аталган пунктка 10 ирет катары менен кол салышты.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салууда каза болгондордун же жаралангандардын бар-жогу тууралуу билдирүү жасай элек.

Израиль армиясынын кечээки билдирүүсүндө Газадан 2 ракета атылганы жана алардын Гуш Дан аймагына жакын жерде Жер Ортолук деңизге түшкөнү белгиленди.

Израилдин Коомдук телерадио уюмунда (KAN) орун алган кабарда Израиль армиясынын Газадан атылган ракеталарга жооп берүү чечимин чыгарганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар