Иран учурган спутник орбитага чыга алган жок

Ирандын кечээ космоско учурган спутник ташуучу ракетасы жетиштүү ылдамдыкка жете албагандыктан 3 изилдөө аппаратынын орбитага чыга албаганы билдирилди.

1755463
Иран учурган спутник орбитага чыга алган жок

Ирандын кечээ космоско учурган спутник ташуучу ракетасы жетиштүү ылдамдыкка жете албагандыктан 3 изилдөө аппаратынын орбитага чыга албаганы билдирилди.

Ирандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед Хусейни мамлекеттик телеканалдан берген билдирүүсүндө, кечээ космоско учурулган «Симург» аттуу спутник алып жүрүүчү ракетанын жетиштүү ылдамдыкка жете албагандыгын айтты.

Хүсейни : "Ракета ташыган жүктү орбитага алып чыгуу үчүн бир секундада 7 600 метрдендагы көп ылдамдыкка жетиши керек бирок секундасына 7 350 мтер ылдамдыкка жеттик",- деди. 

Иран өлкөнүн борбордук бөлүктөрүндөгү Симнан провинциясындагы Имам Хомейни космостук базасынан спутник ташуучу "Симург" ракетасы менен космоско 3 изилдөө аппаратын учурганын жарыялады.

Ирандын орбитага спутник орноштуруу аракеттери мындан мурда да бир канча жолу ийгиликсиз болгон. 

 

 



Тектеш кабарлар