Дүйнөдөгү эң бай адамдар

Дүйнөнүн эң бай 10 адамы 2021-жылы канча киреше тапты?

1755191
Дүйнөдөгү эң бай адамдар

2021-жылы дүйнөнүн эң бай 10 адамы 400 миллиард доллар киреше тапты.

Bloomberg миллиардерлер индексине ылайык, электромобилдерди өндүрүүчү Tesla жана космос кызматтары компаниясы Spacexтин негиздөөчүсү Илон Маск учурда 277 миллиард доллар менен дүйнөнүн эң чоң байлыгына ээ. Маск 2021-жылы байлыгына 121 миллиард доллар кошуп жылдын жеңүүчүсү болду.

Жылды эң жогорку орун менен баштаган Amazon технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос учурда 195 миллиард долларды түзгөн байлыгына 4,54 миллиард доллар кошуп экинчи орунду ээледи.

LVMH люкс бренддер тобунун негиздөөчүсү жана азыр дүйнөнүн үчүнчү эң бай адамы болгон француз миллиардери Бернар Арно байлыгына 61,3 миллиард доллар кошту.

Эң бай 10 миллиардердин тизмесинде Microsoft технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс байлыгына 7,13 миллиард доллар кошуп 139 миллиард доллар менен дүйнөдө төртүнчү орунду алды.

Ал эми Oracle программалык камсыздоо компаниясынын төрагасы Ларри Эллисон байлыгына 28,8 миллиард долларга кошту.

Америкалык бизнесмен жана биржалык инвестор Уоррен Баффет болсо байлыгына 21,4 миллиард доллар кошту.

Социалдык тармак ​​Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жыл ичинде 24,3 миллиард доллар таап, байлыгын 128 миллиард долларга жеткирди. Майкрософттун мурдагы негиздөөчүсү Стив Балмер да 2021-жылы 41,2 миллиард долларлык киреше тапты.



Тектеш кабарлар