АКШда атуу полигонуна алынбаган мусулман аял полигонду сотко берди

АКШнын Миссури штатында жоолукчан болгону үчүн атуу полигонуна алынбаган мусулман аял полигонду сотко берди.

1755250
АКШда  атуу полигонуна алынбаган мусулман аял полигонду сотко берди

АКШнын Миссури штатында жоолукчан болгону үчүн атуу полигонуна алынбаган мусулман аял полигонду сотко берди.

Доо арызына караганда штаттын Кансас Сити шаарында жубайы менен атуу полигонуна барган Раниа Баракат аттуу мусулман аялдын полигонго кириши үчүн жоолугун чечиши талап кылынган.

Ишкана жооптуулары дресс  - кодго ылайык полигонго кире турган кишилердин коопсуздук боюнча эң көп бейсбол шапкасын колдоно алышарын жактап Баракаттын полигонго киришине уруксат берген эмес.

Америка -  Ислам карым  - катнаштары кеңешинин филиалына кайрылган Баракат Кансас Сити федералдык сотуна диний эркиндигинин тебеленип, бөлүүчүлүк кылынды деген негиз менен полигонду сотко берди.

Америка -  Ислам карым  - катнаштары кеңешинин жетекчилери атуу полигонунун мындан мурда да ушул эле негиз менен бир топ жолу жоолукчан мусулман аялдардын полигонго киришине уруксат бербегендигин билдиришти.

Полигондун жетекчилери болсо Associated Press агенттигине берген маалыматта атуу учурунда жоолуктун куралдан чыга турган учкундан күйүп кетиши мүмкүн экендигин жактап кардарлардын коопсуздугу үчүн дресс  - кодду баарынан талап кылышкандарын айтышты.



Тектеш кабарлар