Саакашвили ооруканадан абакка которулду

Грузиянын Гори аскердик госпиталында 49 күн дарыланган мурдагы президент Михаил Саакашвили Рустави шаарындагы 12 - абакка которулду.

1754825
Саакашвили ооруканадан абакка которулду

Грузиянын Гори аскердик госпиталында 49 күн дарыланган мурдагы президент Михаил Саакашвили Рустави шаарындагы 12 - абакка которулду.

Грузиядагы түрмөлөрдү башкарган Атайын абак кызматы башкармалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта камактагы Саакашвилинин дарыланып жаткан Гори шаарындагы ооруканадан Рустави түрмөсүнө жеткирилгени белгиленди.

1 - октябрда Грузияда кармалган Саакашвили 50 күнгө созулган ачкачылык акциясынан кийин дарылануу үчүн Гори шаарындагы аскердик госпиталга которулуп, бүгүн Руставиге алынып келинип, аны адвокаттары келип көрүштү.

Кеңири коопсуздук чаралары көрүлгөн 12 - абактан чыккан адвокаттардын бири Ника Гварамия Саакашвилинин толугу менен сакайа электигин билдирди.  

Саакашвилинин ден соолугунун жакшы эмес экенин айткан Гварамия мурдагы президенттин өз алдынча баса албастыгын билдирди.

Бир тараптан оппозициядагы Бириккен Улуттук Кыймылдын башчысы Ника Мелиянын өткөн жумада Саакашвилиге колдоо көрсөтүү максатында партиянын борборунда 200гө жакын кишинин катышуусунда баштаган массалык ачкачылык акциясы уланууда.

Мелия берген маалыматында Саакашвилинин бир гана Россиянын талабы менен камалгандыгын айтып, мурдагы президенттин ооруканадан абакка күч менен алып барылгандыгын белгиледи.

8 жылдык убакыттан кийин 1 - октябрда өлкөсүнө кайтып келген Саакашвили сырттан абакка кесилгени үчүн камакка алынып, Рустави түрмөсүнө жеткирилген.

Грузия прокурорлугу  2007 -  жылы оппозициячылдардын митингин таркатуу, Имеди телекөрсөтүү каналынын куруучусу Бадри  Патаркачишвилинин мал  - мүлкүн конфискациялоо, коррупция, кызматын кыянатыкка колдонуу жана бир депутатты сабатуу кылмышынан улам Саакашвили тууралуу камоо чечимин чыгарган.

Тбилиси шаардык соту Саакашвилиге бир кылмыш доосунда амнистия жоопкерчилигин кынаттыкка колдонгондугу жана депутат Валери Гелашвилини сабатуу негизи менен сыратынан 6 жыл абак жазасына тарткан.



Тектеш кабарлар