Омикрон вариантында өлүм коркунучу Делтага караганда төмөн

Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору  Ковид - 19дун Омикрон вариантында өлүм жана ооруканага жаткыруу коркунучу Дельтага  "салыштырмалуу төмөн" экендигин жарыялады.

1754686
Омикрон  вариантында өлүм коркунучу Делтага караганда төмөн

Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору  Ковид - 19дун Омикрон вариантында өлүм жана ооруканага жаткыруу коркунучу Дельтага  "салыштырмалуу төмөн" экендигин жарыялады.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Рошель Валенский Ак үйдөгү пресс- жыйынында Ковид-19дун Oмикрон варианты акыркы жумаларда тез жайылганына карабастан ооруканага жаткыруу жана өлүмдүн деңгээли Дельта варинатына  "салыштырмалуу төмөн" экендигин айтты.

Акыркы 7 күндүк ортчо бейтап санын билдирген Валенский позитив бейтап санынын өткөн жумага караганда 60 пайызга өсүп, күнүмдүк 240 000, ооруканага жатуулардын 14 пайызга өсүп 9 000ге жогорулагандыгын айтты. 

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору муну менен бирге өлүм катнашынын 7 пайыздык төмөндөө менен күнүмдүк орточо 1100 экендигине көңүлдөрдү бурду. 

АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун директору, Доктор Энтони Фауки Омикрондун Дельта вариантына караганда позитив бейтап жана ооруканага жатууларда төмөнкү график менен иликтенерин белгилеп, Ковид  - 19  вакциналарынын күрөшүү үчүн орчундуу мааниге ээ болорун баса белгиледи. 

Омикронго каршы экинчи күчөтүүчү вакцинанын зарылдыгына токтолгон Фауки  учурдагы күчөтүүчү вакциналар канчалык деңгээлде коргой аларына байланыштуу маалыматтын жетерсиз экендигин сөздөрүнө кошумчалады. 

Валенский менен Фауки ошондой эле өлүмдөр жана ооруканага жаткырылгандар боюнча чыныгы маалыматтар эки жумалык кечигүү менен жеткиликтүү болушу мүмкүн экенин эскертти.

 



Тектеш кабарлар