Иран : "8 - айламдадагы сүйлөшүүлөрдө жылыштар болду"
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакыри өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8 - айлампасында “жакшы жылыштар болду” деп билдирди.
1754827
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакыри өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8 - айлампасында “жакшы жылыштар болду” деп билдирди.
Бакыри, Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлгөн өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн 8 - туруна байланыштуу Иран медиасына маалымат берди.
Жолугушууларда санкциялардын жоюлушу тууралуу сүйлөшүлгөнүн белгилеген Бакири: "Санкциялардын жоюлушун тастыктоо маселеси боюнча бир нече жолугушуулар өттү. Санкцияларды жоюу боюнча эки тараптын ортосунда кат алышуулар да болду. Сүйлөшүүлөрдүн 8 - айлампасында жакшы жылыштар болду",- деди.
Жаңы жылга байланыштуу бүгүн токтотула турган сүйлөшүүлөрдүн 3 - январдан тарта улантылары күтүлүүдө.