Ашраф Гани "Кабулдун кыйрашына жол бербөө үчүн" качып кеткенин айтты

Ашраф Гани Би-Би-Сиге билдирүү жасады.

1754784
Ашраф Гани "Кабулдун кыйрашына жол бербөө үчүн" качып кеткенин айтты

Талибандын Ооганстанды көзөмөлгө алышынан кийин өлкөдөн чыгып Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) баш калкалаган мурунку президент Ашраф Гани "Кабулдун талкаланышына жол бербөө үчүн" өлкөдөн качып кеткенин билдирди.

Узак тыныгуудан кийин Би-Би-Сиге билдирүү жасаган Гани, талибдер Кабулду басып алган 15-августта ойгонгондо мунун Ооганстандагы акыркы күнү болорун болжолдой албаганын айтты.

Гани учак Кабулдан учуп чыкканда өлкөдөн кеткенин түшүнгөнүн билдирди.

Талибдердин алгач Кабулга кирбөөгө макул болгонун, бирок эки сааттан кийин кырдаал өзгөргөнүн түшүндүргөн Ашраф Гани: «Талибандын эки башка фракциясы эки башка тараптан келе жаткан жана 5 миллион калкы бар шаарды талкалап, адамдарга олуттуу зыян келтире турган чоң чыр-чатактын чыгуу ыктымалдыгы бар эле»,-деди.

Гани улуттук коопсуздук кеңешчиси жана жубайы Кабулдан кетүүгө макул болгондон кийин бир унаанын аны Коргоо министрлигине алып баруу үчүн күткөнүн бирок машинанын келбегенин айтты.

Анын ордуна президенттиктин коопсуздук башчысынын ага келип, эгер каршылык көрсөтсө баары өлтүрүлө турганын айтканын билдирген Гани мындай деди: «Ал мага 2 мүнөттөн ашык убакыт берген жок. Менин көрсөтмөм боюнча Хост облусуна барууга даярдануу болчу. Мага Хосттун кыйраганын, Жалал-Абаддын да кыйраганын айтты. Кайда барарыбызды билген эмесмин. Качан гана биз (Афганистан) учуп кеткенде билдим. Бул чындап күтүүсүз болду».

Ашраф Гани өлкөдөн чыгып баратканда өзү менен ири өлчөмдөгү акча алып кеткен деген айыптоолорду да четке какты.

Гани, “эл аралык коомчулуктун сабыры уланат деген ойдо” бир катар каталар кетирилгенин мойнуна алды жана эл аралык өнөктөштүккө таянуу сыяктуу Кабулдун кулашына себеп болгон кээ бир нерселер үчүн күнөөнү өзүнө алууга даяр экенин билдирди.

Ашраф Гани: «Менин баалуулуктарым тебеленди. Мени эчки кылып коюшту»,-деди.

 



Тектеш кабарлар