Иран Кытайга консулдук ачууга уруксат берди

Кытайдын консулдук ачуу талабы президент Ибрахим Раисинин жетекчилигинде чогулган Министрлер кеңешинде чечилди.

1754370
Иран Кытайга консулдук ачууга уруксат берди

Ирандын Кытайга Перс булуңунун жээгиндеги Хүрмүзган провинциясынын борбордук шаары Бендер-Аббаста консулдук ачууга уруксат бергени кабарланды.

Иран Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Кытайдын консулдук ачуу талабы президент Ибрахим Раисинин жетекчилигинде чогулган Министрлер кеңешинде чечилди.

Министрлер кеңеши Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахияндын сунушу боюнча өз ара жана берки мыйзамдарды сактоо принцибин эске алуу менен Кытайга Бендер-Аббаста консулдук ачууга уруксат берди.

Бир тараптан Абдуллахиянын сунушу боюнча Армениянын Азербайжан жана Иран чек арасындагы Капан шаарында консулдук ачуу чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар