Аляскада температуранын рекорду жаңырды

Илимпоздор аймактагы климаттык өзгөрүүлөрдүн коркунучтуу жаан-чачынга алып келерин айтышууда.

1754126
Аляскада температуранын рекорду жаңырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аляска штатынын түштүгүндөгү Кодиак аралында температуранын көрсөткүчү рекорд жаңыртты. Илимпоздор аймактагы климаттык өзгөрүүлөрдүн коркунучтуу жаан-чачынга алып келерин айтышууда.

Аляскада күндүзгү температура 15,5 градустан ашып, негизи катуу суук жана кар жааган декабрда жамгырлар байкалды.

Алясканын Климатты баалоо жана саясат борборунун илимпозу Рик Томандын айтымында, Кодиак аралында абанын температурасы жекшемби күнү 19,4 градуска жеткен, бул Аляскада декабрь айында катталган эң жогорку деңгээл.

Рик Томан мурунку рекорддор Кодиак аэропортунда 18,3 градус жана Cold Бейдеги Аляска жарым аралында 16,6 градус болгонун эске салды.

Томан адамдар үчүн эң оор кесепеттин Алясканын ички бөлүгүнө таасир эткен жаан-чачындын көптүгү экенин айтты.



Тектеш кабарлар