Глаукоманы жеңе турган көз айнектер чыгыралды

Жогорку технологиялуу көз айнек көрүүнүн начарлашынын жалпы себеби болгон глаукоманын алдыга жылышын токтото алат.

1753835
Глаукоманы жеңе турган көз айнектер чыгыралды

Жогорку технологиялуу көз айнек көрүүнүн начарлашынын жалпы себеби болгон глаукоманын алдыга жылышын токтото алат.

Глаукома – көздүн торчо катмарын мээдеги көрүү борбору менен байланыштырган көздүн арткы тарабындагы жарыкка сезгич клетка катмары болгон миллиондон ашык оптикалык нервдерди жабыркатуучу жалпы көз оорусу.

Көздүн  алдыңкы бөлүгүндө суюктуктун топтолушу көздүн ичиндеги жана нервдеги басымдын жогорулашынан келип чыгат, бул көрүүнүн начарлашына алып келет.

Көздүн басымын токтото турган жаңы технологиялык көз айнек көзгө электрдик сигналдарды өткөрүү үчүн иштелип чыккан, ошондуктан оптикалык нерв өзүн оңдой алат.

Түштүк кореялык Ну Эйне тарабынан иштелип чыккан, виртуалдык реалдуулук көз айнегиндей болгон жаңы аппарат нерв кыртышынын регенерациясын өнүктүрүү үчүн төмөнкү деңгээлдеги электрдик стимулду колдонууда.

Электрдик импульстар кичинекей электроддор аркылуу көздү курчап турган териге берилет.

Электрдик стимул дененин жараларды айыктыруучу механизмдерин туурап, оптикалык нервдин өсүшүнө түрткү берет.

Күнүнө жарым саат тагылган бул көз айнек Британияда клиникалык сыноолордо колдонула баштады.

Окумуштуулар буга чейинки ийгиликтүү изилдөөлөр тарабынан колдоого алынган дарылоо Британияда жарым миллиондон ашык адамга таасир берген глаукоманын алдыга жылышын токтоторуна ишенүүдө.



Тектеш кабарлар