НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны 12-январда болот
НАТОнун расмий өкүлүнүн билдирүүсүндө, Столтенберг НАТО-Орусия кеңешинин төрагасы катары кеңешмени 12-январда чакыруу чечимин чыгарган.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО-Орусия кеңешин 12-январдагы жыйынга чакыруу чечимин кабыл алды.
НАТОнун расмий өкүлүнүн билдирүүсүндө, Столтенберг НАТО-Орусия кеңешинин төрагасы катары кеңешмени 12-январда чакыруу чечимин чыгарган.
Жооптуу кызматкер: «Жолугушууга байланыштуу Орусия менен байланыштабыз»,-деди.
Кеңеш жыйыны үчүн белгиленген 12-январда НАТОнун башкы штаб башчыларынын жыйыны да Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлөт.
Акыркы айларда орус армиясынын Украина чек арасында аскердик чыңдоосунан кийин НАТО менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу күчөп, карым-катнаш кансыз согуштан кийинки эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.
НАТО эгер Орусия Украинага каршы агрессивдүү позицияны карманса, анын «олуттуу кесепеттери жана оор чыгымы» болоорун эскерткен.