Путин : "Кытай АКШнын эгемендигин соңуна чыгарат"

Путин Кытайдын экономикасынын сатып алуу күчүнүн паритет үчүн АКШга караганда жогору экенин айтты.

1752360
Путин : "Кытай АКШнын эгемендигин соңуна чыгарат"

Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын дүйнөлүк сооданын күч борбору катары АКШны  басып өтүү алдында турганын айтты.

Владимир Путин алдыдагы 30 жылда Кытай экономикасынын бардык аспектилери боюнча АКШдан ашып түшөрүн, ал эми АКШнын каржы жана соодадагы үстөмдүк абалын жогото турганын белгиледи.

Бейшемби күнү жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жылдык пресс - конференциясында журналисттерге маалымат берген Путин Кытайдын экономикасынын сатып алуу күчүнүн паритет үчүн АКШга караганда жогору экенин айтты.

Путин : “АКШ дүйнөдөгү эң көп калктуу мамлекетти жокко чыгарууга жана анын өсүшүн муунтууга аракет кылууда»,- деди.

Путин АКШнын жетекчилигинде бойкот жарыяланган Пекиндеги 2022 Олимпиада оюндарын "кабыл алынгыс, ката жана Кытайдын өнүгүүсүн чектөө аракети" деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар