Орусияда ооруканада өрт чыкты

Орусиянын Астрахань шаарында Ковид-19 бейтаптары дарыланып жаткан ооруканада өрт чыкты.

1752241
Орусияда ооруканада өрт чыкты

Орусияда коронавирус (Ковид-19) менен ооруган бейтаптар дарыланып жаткан ооруканада чыккан өрттөн эки адам каза тапты.

Орусиянын Астрахань шаарында Ковид-19 бейтаптары дарыланып жаткан ооруканада өрт чыкты.

Реанимация бөлүмүндө өрт чыккандан кийин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100гө жакын кызматкери, 40ка жакын өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаасы ооруканага жөнөтүлдү.

Өрт өчүрүлүүгө аракет кылынып жатканда, ооруканадагы 18 бейтап жана 16 кызматкер эвакуацияланды.

Бирок реанимациядагы бейтаптар жаткан бөлмөдөн 2 бейтаптын жансыз денеси чыгарылды.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала электиги, окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталгандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар