Францияда тогуз карышкыр качкан зоопарк жабылды

Франциянын түштүгүндөгү Тарн провинциясында тогуз карышкыр качып кеткен зоопарк жабылды.

1752355
Францияда тогуз карышкыр качкан зоопарк жабылды

Франциянын түштүгүндөгү Тарн провинциясында тогуз карышкыр качып кеткен зоопарк жабылды.

Француз маалымат каражаттарынын кабарына караганда  19 - декабрда Монредон - Лабессонни шаарындагы зоопарктан тогуз карышкыр капастан качты.

Качкан карышкырлардын төртөөсү зоопарктын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлүп, 5 карышкыр уктатылды.

Карышкырлар качкан убакта зоопаркка келген кишилердин коркунучка кабылбастан чыгарылгандыгына карабастан, коопсуздук шарттарынын жакшыртылышы үчүн зоопарк январь айынын ортосуна чейин жабылды.  

Trois Vallees зоопаркында 60 гектардык  аянтта 70 түрдө  600гө жакын жаныбар жашайт.



Тектеш кабарлар