Pfizerдин COVID-19 дарысын шашылыш колдонууга уруксат берилди

"Paxlovid" аттуу дары 12 жаштан ашкан жогорку тобокелдиктеги бейтаптарды дарылоодо колдонулат.

1751575
Pfizerдин COVID-19 дарысын шашылыш колдонууга уруксат берилди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Азык-түлүк жана дары-дармектер башкармалыгы (FDA), америкалык Pfizer фармацевтикалык компаниясы тарабынан Ковид-19га каршы иштелип чыккан ооздон алынуучу дарыны "шашылыш колдонууга" уруксат берди.

Азык-түлүк жана дары-дармектер башкармалыгынын билдирүүсүндө, шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилген бул дарынын Ковид-19га каршы ооздон алынуучу биринчи дарылоо ыкмасы экени айтылды.

Билдирүүдө дарынын коопсуз экени, ооруканага жаткырылгандардын жана өлүмдөрдүн санын азайтууда маанилүү курал болоору белгиленди.

"Paxlovid" деген ат менен рецепт боюнча сатыла турган дары 12 жаштан ашкан жогорку тобокелдиктеги бейтаптарды дарылоодо колдонулат.

Ооздон алынуучу дарыны Ковид-19 диагнозу коюлгандан кийин дароо жана симптомдор пайда боло баштаган алгачкы 5 күндө алуу керек.



Тектеш кабарлар