БУУнун Коопсуздук кеңеши Талибанга киргизилген санкциялардан баш тартуу чечимин кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн талибдерге каршы санкциялардан баш тартуу боюнча резолюция кабыл алды.

1751290

Резолюцияга ылайык, Ооганстандагы гуманитардык жардамды жана негизги гуманитардык муктаждыктарды колдоо боюнча иш-чаралар талибдерге каршы санкцияларды бузбайт жана жардамды өз убагында жеткирүү жана өткөрүү үчүн каражаттарды, финансылык активдерди жана экономикалык ресурстарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд бул чечим эл аралык коомчулукка ооган элинин негизги гуманитардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кеңири масштабдуу маанилүү гуманитардык иш-аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп билдирди.

Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Барбара Вудворд да Талибанга каршы 1988-жылы кабыл алынган санкция чечиминин Ооганстанга гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоол боло албасын белгиледи.

БУУ «экономикасы кыйроо алдында турат» деп эскерткен Ооганстанда 24 миллионго жакын адам азык-түлүк коопсуздугуна ээ эмес.

Тектеш кабарлар