НАСА "Жеймс Уэбб" космостук телескобун учуруу күнүн жылдырды
НАСАнын веб-сайтындагы билдирүүгө караганда, "Жеймс Уэбб" космостук телескобунун 21-декабрдагы даярдык иши «ийгиликтүү» аяктады.
1751010
Американын улуттук авиация жана космос агенттиги (НАСА), "Жеймс Уэбб" космостук телескобунун учуруу күнүн аба ырайынын жагымсыз шарттарынан улам 25-декабрга жылдырды.
НАСАнын веб-сайтындагы билдирүүгө караганда, "Жеймс Уэбб" космостук телескобунун 21-декабрдагы даярдык иши «ийгиликтүү» аяктады.
Бирок телескоп учурула турган Француз Гвианасындагы космодромдо аба ырайынын ыңгайсыздыгынан улам 24-декабрга белгиленген учуруу кечеңдетилди.
Буга ылайык, «VA256» коддуу учуруунун 25-декабрда ишке ашырылышы пландалууда.