Алгачкы AUKUS жыйыны өткөрүлдү

Ак үйдөн берилген маалыматта жыйындардын түшүмдүү өткөндүгү жана катышуучулардын иш жүзүндө позитивдүү багытты сактап калуу үчүн таштала  турган кийинки кадамдарды аныкташканы билдирилди.

1749279
Алгачкы AUKUS жыйыны өткөрүлдү

Америка Кошмо Штаттарынын, Британиянын жана Австралиянын (AUKUS) делегациялары суу астында жүрүүчү атомдук кеме программасы боюнча биринчи жолугушууларды өткөрүштү.

Бул үч өлкөнүн делегациялары сентябрь айында курулган AUKUSтун биринчи багыттоочу  жыйындарынын негизинде 9 – 14 - декабрда АКШнын Коргоо министрлигинде (Пентагон) жолугушту.

Ак үйдөн берилген маалыматта жыйындардын түшүмдүү өткөндүгү жана катышуучулардын иш жүзүндө позитивдүү багытты сактап калуу үчүн таштала  турган кийинки кадамдарды аныкташканы билдирилди.

Маалыматта : «Катышуучулар өзгөчө 2022 -  жылдын баштарына чейин алдыңкы мүмкүнчүлүктөр боюнча иш программасын бүтүрүүгө милдеттеништи»,- деп билдирилди. Ошондой эле  Австралиянын атомдук суу түбүндөгү кемелерин мүмкүн болушунча эртерээк пайдалануу үчүн үч тараптуу милдеттенмени такташкандары маалымдалды.

Делегациялардын  маселенин техникалык аспектилерин кеңири талкуулоо үчүн 18 айлык сүйлөшүүлөрдөн  кийинки кадамдар боюнча макулдашкандары да билдирилди.



Тектеш кабарлар