НАТО Орусияны эскертти

НАТОнун чечим кабыл алуучу органы Түндүк Атлантика Кеңеши "Украинадагы жана анын айланасындагы кырдаал" боюнча билдирүү жасады.

1748803
НАТО Орусияны эскертти

НАТО Орусиянын Украинага каршы жаңы агрессиясынын оор чыгымга алып келерин жана Орусия чыңалууну азайтса ишенимди чыңдоочу чаралардын үстүндө иштөөгө даяр экенин билдирди.

НАТОнун чечим кабыл алуучу органы Түндүк Атлантика Кеңеши "Украинадагы жана анын айланасындагы кырдаал" боюнча билдирүү жасады.

Орусиянын Украина чек арасындагы аскердик күчүн бекемдешине байланыштуу олуттуу тынчсыздануу бар экени белгиленген билдирүүдө: «Биз Орусияны тез аранын ичинде чыңалууну азайтууга, дипломатиялык каналдарга байкоо салууга жана аскердик ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөйбүз»,-делди.

«Азыркы кырдаалдын уюмдун коопсуздугуна тийгизген кесепеттерин олуттуу түрдө карап жатабыз»,-деген билдирүүдө НАТОнун коопсуздук чөйрөсүнүн бузулушуна чечкиндүү түрдө жооп кайтарары баса белгиленди.

Билдирүүдө: «Украинага каршы мындан аркы агрессия чоң кесепеттерге жана оор чыгымга алып келет»,-деп айтылды.

Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоону ырастаган билдирүүдө, Орусиядан Украинадан күчтөрүн чыгарып кетүүсү талап кылынды.

«Орусия менен маңыздуу диалогго даярбыз» деген НАТОнун билдирүүсүндө, Орусияга НАТО-Орусия Кеңешин өткөрүү чакырыгы кайталанды.

Билдирүүдө: «Эгерде Орусия чыңалууну басаңдатуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасаса, биз ишенимди чыңдоо боюнча иш алып барууга даярбыз. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму да бул үчүн аянтча болуп саналат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар