Иракта сел жүрдү

Сел апааты 8 адамдын өмүрүн алды.

1748863
Иракта сел жүрдү

Ирактын Эрбил шаарында болгон сел апаатында алгачкы маалыматка караганда 8 киши каза тапты.

Эрбил губернатору Омид Хоснав жергиликтүү басма сөзгө берген билдирүүсүндө, кечээ түндөн тарта нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун чек араларындагы бир топ микрорайон жана аймактарда сел жана суу ташкындары болгонун айтты.

Хоснав селден араларында аялдар жана балдар да болгон 8 кишинин каза тапканын белгиледи.

Жарандар уктап жатканда үйлөрүнүн суу астында калганын, ошондуктан адам өлүмүнүн көп болгонун белгилеген губернатор Хошнав, абалдын азыр көзөмөлгө алынганын кабарлады.



Тектеш кабарлар