Европанын эң чоң газ запасынын төмөн түшкөндүгү билдирилди

Германияда жаратылыш газын сактоо сыйымдуулугу акыркы жылдарда биринчи жолу 60 пайыздан төмөн түшкөнү билдирилди.

1749129
Европанын эң чоң газ запасынын төмөн түшкөндүгү билдирилди

Германияда жаратылыш газын сактоо сыйымдуулугу акыркы жылдарда биринчи жолу 60 пайыздан төмөн түшкөнү билдирилди.

Германиянын жер астындагы газ сактоо операторлор бирикмеси INESтин башкаруучу директору Себастьян Блешке жаратылыш газын сактоо сыйымдуулугунун учурда 59 пайыздын тегерегинде экенин, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу өтө төмөн көрсөткүч экенин айтты.

Чыныгы кыш али келе электигин белгилеген Блешке аз резервдердин да эске алынышы керектигин айтты. Блешке эгер кампалардан газ чыгаруу азыркыдай боло турган болсо, февраль айында сыйымдуулук көрсөткүчүнүн бир топ төмөндөй турганын эскертти.

Германия Европа Биримдигиндеги  эң чоң жаратылыш газын сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга чейин Европа Комиссия Европа Биримдиги  өлкөлөрүнүн жер астындагы кампаларды толтуруу үчүн  биргелешкен ыктыярдуу жаратылыш газ сатып алууну ишке ашыра ала турган  механизмди түзүүнү сунуш кылган.

Германиянын Россиянын континетке кошумча газ өткөрө ала турган Түндүк Агым  - 2  куурун сертификациялоону кечеңдеткенден кийин Европанын энергия баалары ушул аптада көтүрүлө баштады.

 



Тектеш кабарлар