Европа Биримдигинен Россияга эскертүү

Европа Биримдиги Россия Украинага каршы арскердик кыймыл кыла турган болсо жыйынтыгынын оор болору боюнча эскертти.

1748890
Европа Биримдигинен Россияга эскертүү

Европа Биримдиги Россия Украинага каршы арскердик кыймыл кыла турган болсо жыйынтыгынын оор болору боюнча эскертти.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель жана Европа Биримдигинин кезектешкен  төрагасы, Словениянын премьер  - министри Янез Янша  Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин акырында биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Мишель мүчө өлкөлөрдүн Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин колдогондугун белгилеп : «Украинага каршы кол салуу боло турган болсо мунун абдан олуттуу жыйынтыктары болот. Өнөктөштөрүбүз жана союздаштарыбыз менен  координациялуу чараларды көрүүдө чечкиндүүбүз»,- деди. Мишель Европа Биримигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин мындай абалда экономикалык санкцияларды активдештирүү боюнча макулдашкандарын айтты.

Урсула фон дер Лайен болсо Россиянын Украина чек арасындагы аскердик чептерине карата позициясын мурда жарыялашкандарын эске салып, Россияны кол салуудан алыс болууга жана чыңалууну азайтууга чакырды. Фон дер Лайен Москва менен жакшы карым - катнашты каалагандарын жана мунун Россияга байланыштуу экенин билдирип : «Бирок мындан шек жок. Эгер Россия Украинага каршы аракетке өтө турган болсо Европа Биримдиги чоң чыгымга алып келе турган санкция салат. Бул тууралуу өз ишибизди аткардык»,- деди.

Словениянын премьер - министри Янша Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн бирдиктүү позицияда аракеттенгенин айтып : «Россия Крымды басып алгандагы кырдаалдын кайталанышына жол бербейбиз, бул жолу даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар