Донбасста украиналык аскер каза болду

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында Россия жактоочусу жикчилдер кечээ ок атып  украиналык бир аскер каза болду жана бир аскер жаракат алды.

1749179
Донбасста украиналык аскер каза болду

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында Россия жактоочусу жикчилдер кечээ ок атып  украиналык бир аскер каза болду жана бир аскер жаракат алды.

Украинанын куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта жикчилдердин кечээ ок атышпоо эрежелерин  беш жолу бузгандыгы билдирилди.

Жикчилдердин Донбасстын Писки, Золотое  - 4 , Травневе, Павлопил жана Новолуганска аймактарында  ок аткандыгы билдирилген маалыматта, кол салуулардын натыйжасында бир украин аскеринин шейит болгону, бир аскердин да жараланганы белгиленди.

Украинанын борбор шаары Киевде 2013 - жылдын 21 - ноябрында президент Виктор Янукович Европа Биримдигинин Өнөктөштүк келишимине кол койбошу боюнча митингдер башталган.  

Митингдердин күч алышы менен 2014 -  жылы февраль айында Янукович өлкөдөн качып, өлкөнүн чыгышындагы Донбасс аймагынын Донецк жана Луганск шаарларында Россия жактоочусу жикчилдер көз карандысыздыктарын жарыялаган. Жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосунда 2014 -  жылдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 13 000ден ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар