АКШ Бернстин Пекин элчилигине дайындалышын бекитти

Президент Жо Байден 21 - августта Пекиндеги элчиликке Бернстын көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

1748884
АКШ Бернстин Пекин элчилигине дайындалышын бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын сенаты дипломат Николас Бернстин Пекин элчиси болуп дайындалышын бекитти.

Сенаттагы добуш берүүдө Бернстин талапкерлиги 18 добушка каршы 75 добуш менен бекитилди.

Буга чейин АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеген Бернс 2005 – 2008 - жылдары мамлекеттик катчынын орун басары кызматын аткарган.

Тажрыйбалуу дипломат Бернстин дайындалышы Кытайдын борбор шаары Пекинде мурунку жылдары кызмат өтөгөн саясий негиздеги элчилерге караганда башка артыкчылыкты чагылдырат деген ойлор айтылууда.

Президент Жо Байден 21 - августта Пекиндеги элчиликке Бернстын көрсөтүлгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар