Түндүк Кореяда 11 күн бою күлгөнгө болбойт
Өкмөт өкүлдөрү 11 күнгө созулган иш-чараларда коомчулукка эч кандай кубанычтын белгисин көрсөтпөөнү буйруду.
Түндүк Кореяда 10 жыл мурун каза болгон лидер Ким Чен Ирди эскерүү башталды.
Өкмөт өкүлдөрү 11 күнгө созулган иш-чараларда коомчулукка эч кандай кубанычтын белгисин көрсөтпөөнү буйруду.
Ким Чен Ирдин өлүмүнүн 10 жылдыгында түндүк кореялыктар 11 күндүк аза күтүү мезгилине киришти, анда аларга күлүүгө, спирт ичимдиктерин ичүүгө, жада калса базарга барууга тыюу салынды.
Радиодон жарыяланган кулактандырууда «Аза күтүү маалында спирт ичимдиктерин ичүүгө, күлүүгө, кызыктуу иш-чараларга катышууга болбойт» деп айтылды.
Ким Чен Ир өлкөнү 17 жыл башкаргандан кийин 2011-жылы 17-декабрда 69 жашында жүрөк оорусунан каза болгон.
Ким Чен Ир үчүн жыл сайын аза күтүү мөөнөтү адатта 10 күн болсо, быйыл анын каза болгонунун 10 жылдыгына карата 11 күн болот.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718753960)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.