Макрон Алиев жана Пашинян менен жолугушту

Макрон жолугушуу тууралуу Твиттерден билдирүү жасады.

1748367
Макрон Алиев жана Пашинян менен жолугушту

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Макрон жолугушуу тууралуу Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Биз армяндарды эч качан таштабайбыз. Ар дайым туруктуу тынчтык үчүн чечимдерди издеп жатабыз»,-деди.

Макрон ошондой эле Алиев жана Пашинян менен жолугушуусу тууралуу фотосүрөт да бөлүштү.

Европа Биримдиги-Чыгыш өнөктөштүк саммити кечээ Брюсселде Евробиримдик менен Украина, Грузия, Молдова, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин катышуусунда өттү.



Тектеш кабарлар