Алиев-Пашинян жолугушуусу
Шарль Мишель Брюсселге барган Илхам Алиев жана Никол Пашинян менен өз өзүнчө жолугушту.
1747696
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиян Европа кеңешинин төрагасы Мишель менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель бүгүн боло турган Евробиримдик-Чыгыш өнөктөштүк саммити үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Илхам Алиев жана Никол Пашинян менен өз өзүнчө жолугушту.
Алиев, Пашинян жана Мишель андан соң кечки тамакта үчилтикте жолугушту. Жыйын 2 сааттан ашык созулду.
Үч тараптуу жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген Мишель Ильхам Алиев менен Никол Пашиняндын өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты камсыздай турган темир жол линиялары боюнча макулдашууга жетишкенин айтты.