Семеру жанар тоосундагы атылуу: 48 адам каза болду

Атылуудан кийин аймактын 10 миңге жакын тургунунун эвакуацияланганы белгиленди.

1747278
Семеру жанар тоосундагы атылуу: 48 адам каза болду

Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында 4-декабрда Семеру жанар тоосунун атылышынан каза болгондордун саны 48ге жетти.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттиги, аймактагы издөө-куткаруу иштеринин ал жердеги 4 топ менен уланып жатканын билдирди.

Атылуудан кийин аймактын 10 миңге жакын тургунунун эвакуацияланганы белгиленди.

Лумажанг аймагында жайгашкан 3676 метр бийиктиктеги Семеру жанар тоосунун атылышынан кийин анын айланасындагы калктуу конуштарды күл жана түтүн каптаган.

Атылуудан каза болгондордун саны 7-декабрда 34 деп кабарланган болчу.



Тектеш кабарлар