Пакистандын Түркиядагы элчиси Ооганстандагы гуманитардык кризиске көңүл бурду

Элчи Гази 19-декабрда Пакистандын борбору Исламбадда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 17-кезексиз жыйыны жана Ооганстандагы учурдагы кырдаалга байланыштуу басма сөзгө маалымат берди.

1747445
Пакистандын Түркиядагы элчиси Ооганстандагы гуманитардык кризиске көңүл бурду

Пакистандын Түркиядагы элчиси Сирус Секкад Гази Ооганстандагы абалдын олуттуулугуна көңүлдөрдү буруп, өлкөнүн учурда дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кризисти башынан кечирип жатканын билдирди.

Элчи Гази 19-декабрда Пакистандын борбору Исламбадда өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 17-кезексиз жыйыны жана Ооганстандагы учурдагы кырдаалга байланыштуу басма сөзгө маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсептөөлөрүнө караганда, Ооганстанда калктын 60 пайызынын, өзгөчө балдардын олуттуу ачарчылык, жетишсиз тамактануу жана дары жетишсиздигине туш болгонун белгилеген Гази: «Оогандардын жашоосуна таасир эте турган көптөгөн факторлор бар жана дүйнөлүк коомчулук кырдаалды жөнгө салуу үчүн макулдашылган, тез, абдан тез жана координацияланган жоопту бериши зарыл»,-деп айтты.

Ооганстанда кыш айлары катаал болгонун белгилеген Гази: «Кабулдагы жана Ооганстандагы абал оор жана олуттуу. Балким, азыр дүйнөдө болуп жаткан эң ири гуманитардык кризис»,-деген серебин салды.

Гази Исламабадда боло турган жолугушуунун максатынын Ооганстандагы абалды тескери буруу үчүн дүйнөнүн көңүлүн өлкөдөгү кризиске буруу экенин баса белгиледи.

Гази Түркия менен Пакистандын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешине байланыштуу Пакистандын премьер-министри Имран Хандын октябрь айында күтүлгөн Анкара сапарынын жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) чыгышынан улам кийинкиге жылдырылганын, бирок мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүлүшү үчүн пландаштыруунун уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар