Европа Биримдиги жана Британиядан Россияга эскертүү

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери : «Россиянын Украинага каршы агрессивдүү позициясы кымбатка түшөт» деп эскертти.

1747124
Европа Биримдиги жана Британиядан Россияга эскертүү

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери : «Россиянын Украинага каршы агрессивдүү позициясы кымбатка түшөт» деп эскертти.

Европа Биримдигинин Тышкы карым-катнаштар жана Коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Боррелл Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 2021 - жылдагы акыркы жыйынын аякташында журналисттерге сүйлөшүлгөн маселелер тууралуу маалымат берди.

«Россиянын гибриттик согушу дүйнөдө бир топ жерде коркунуч жаратууда жана туруксуздукка жол ачууда»,- деген Боррелл Россиянын Украина чек арасында аскердик чептерди кургандыгын, Украинанын жеринин бүтүндүгүнө толук колдоо көрсөткөндөрүн айтты. Жосеф Боррелл : «Европа Биримдиги министрлеринин баары бүгүн бул темада так ойлорун билдиришти. Украинага каршы кандайдыр бир агрессиянын Россия үчүн саясий кесепети жана жогорку экономикалык чыгымы болот. Биз бул маселе боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги трансатлантикалык өнөктөштөр жана пикирлеш өлкөлөр менен макулдашып жатабыз",- деди.

Боррел бул теманын 16 - декабрда боло турган Европа Биримдигинин лидерлер саммитинде да карала турганы тууралуу маалыматты бөлүштү. Британиянын премьер - министри Борис Жонсон Россиянын президенти Владимир Путин менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө Украинага басып кирүүсү олуттуу кесепеттерге алып келе турган стратегиялык жаңылыштык болорун айтты. Британиянын  премьер - министрлик кеңсесинен   маалыматта Жонсон Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.   

Сүйлөшүүдө Жонсон Украина чек арасына орус күчтөрүнүн жайгаштырылышынан өлкөсүнүн «терең тынчсыздануусун» билдирип, чыңалууну басаңдатуу жана туруктуу чечимдерди табуу үчүн дипломатиялык каналдар аркылуу иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Британиянын Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине көңүл бургандыгын баса белгилеген Жонсон, дестабилдештирүүчү ар кандай иш - аракеттердин олуттуу натыйжалары менен стратегиялык жаңылыштык болорун эскертти.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар